Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ишиң оңолсун, өркөнүң өссүн, жакшылыкка жет деген сыяктуу алкоо маанисинде колдонулат. - А, ыракмат! Учуңар узарып, ылайым тилегиңерге жеткиле, балдар! (Медетов). Ыраазымын Васил тамыр. Ылайым бакыт жылоолосун, учуң узарсын! (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ишиң оңолсун, өркөнүн өссүн, жакшылыкка жет деген сыяктуу алкоо маанисинде колдонулат. – А, ыракмат! Учуңар узарып, ылайым тилегиңерге жеткиле, балдар! (Медетов). Ыраазымын Васил тамыр. Ылайым бакыт жылоолосун, учуң узарсын! (Бейшеналиев). В.: Учуң узарып, уругуң көбөйсүн! Учуң узарып, уругуң көбөйсүн! – деп кемпир баланы алкай баштады («Ала-Тоо»).